Казакстанда Биринчи Азия жазуучулар форуму башталды

Форумдун ачылуу аземи жана негизги отурумуна Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев катышты.

1263564
Казакстанда Биринчи Азия жазуучулар форуму башталды
Kasim Comert Tokayev.jpg

Биринчи Азия өлкөлөрүнүн жазуучулар форуму Казакстандын борбор шаары Нур Султанда башталды. Форумдун ачылуу аземи жана негизги отурумуна Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев менен бирге Түркия да араларында болгон 38 өлкөдөн 300гө жакын таанымал жазуучу жана адабиятчы катышты.

Токаев сүйлөгөн сөзүндө форумдун жаратуучу коом үчүн маанилүү бир диалог тармагына айланышы жана мындай тармактарда адамзатты тынчсыздандырган олуттуу маселелердин талкууланышы керектигин белгиледи.

Адабият дүйнөсү үчүн мүмкүнчүлүк жаратуунун негизги максаттары экендигин баса белгилеген Токаев : «Бул максаттар үчүн адабият сыйлыгын чыгаруубуз керек жана бул сыйлыктын статусун дүйнөгө таанымал сыйлык деңгээлине чыгаруу үчүн колубуздан келгенди аткаруубуз керек»,- деди. Токаев азиялык жазуучулардын электрондук китепканасын түзүүнүн учуру келгендигин белгиледи. Форумга катышкан Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу Анадолу агенттигине  берген маалыматында президент Токаев ортого салган сунуштун Азия адабиятынын келерки жылдарда өз жолун сызып дүйнөдө Азия маркасы менен танытууга даярдалгандыгын айтты.

Азия өлкөлөрүнүн жазуучуларынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүнү максат кылган форумдун биринчи күнүндө Азия өлкөлөрүнүн адабияттары менен глобалдык маселелери каралууда.

6 -  сентябрга чейин созула турган форумдун негизинде чет өлкөлөрдүн жазуучулар союздарынын ортосунда кызматташуу макулдашуусуна кол коюлушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар