Казакстанда Карим Масимовго жана орун басарларына кошумча тергөө башталды

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовго жана анын орун басарларына "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айып менен кошумча тергөө башталды.

1762288

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тараткан билдирүүдө мекеменин мурдагы жетекчиси Масимовго карата “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып менен козголгон тергөө иштери уланып жатканы эскертилди.

Маалыматта  жогоруда аталган иштин алкагында Масимовдун мурдагы жардамчылары Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожиндин да кармалганы билдирилип : «Бул адамдарга мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыптоодон тышкары тиешелүү мыйзамдын "Бийликти күч менен басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде тергөө иштери башталды. Тергөө иштеринин алкагында мурдагы төрага Карим Масимов жана анын мурдагы жардамчылары А.Садыкулов менен Д.Ергожин кармалган. Бул боюнча иликтөө иштери уланууда»,- деп маалымдалды.

Карим Масимов 6 - январда президент Касым Жомеарт Токаевдин чечими менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагалыгынан бошотулуп, 8 - январда дагы бир нече адам менен бирге мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен камакка алынган. Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин өлкөдөгү соңку окуяларда таасирсиз болгондугун  айтты.

Тектеш кабарлар