Казакстанда Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди

Хожалы кыргынында 613 киши каза болгон.

1365177
Казакстанда Хожалы кыргынынын курмандыктары эскерилди

Казакстанда Хожалы кыргынынын 28 жылдыгынан улам  эскерүү программасы өткөрүлдү.

Азербайжандын Нур Султандагы элчилиги тарабынан Лев Гумилев Евразия улуттук университетинде өткөрүлгөн программага Азербайжандын элчиси Рашад Мамадов, илимпоздор, студенттер менен Казакстанда жашаган азербайжандыктар да катышты.

Элси Мамадов  бул жерде сүйлөгөн сөзүндө иш чаранын максатынын адамзат үчүн уялтуучу кыргындар тууралуу коомго маалымат берүү, мындай окуялардын кайталанышына тоскоол болуу жана адамдарды тынчтыкка чакыруу экендигин белгиледи.

Армян аскердик күчтөрү тарабынан жасалган Хожалы кыргынынын адамдардын жүрөгүндө так калтыргандыгына көңүлдөрдү бурган Мамадов : «Мындай зомбулуктун жолун тосуу үчүн өз тарыхыбызды жана бир тууган калктардын тарыхын билишибиз керек»,- деди.  Мамадов элдер арасында тынчтык жана тилектештик жетерсиз болгон бир дүйнөдө көп маданияттуулуктун күчтөндүрүлүшү үчүн аракет кылынышы керектигин белгиледи.

Армениянын куралдуу күчтөрү 1992 -  жылы 26 -  февралда мурунку советтик армиянын 366 -  аткычтар  полку менен Азербайжандын Хожалы шаарын басып алып 613 кишини өлтүрдү. Алардын ичинен 63 бала, 106сы аял, 70ши картаң кишилер болгон. Кыргында 487 киши жараланган. Алардын ичинен 17си бала болгон.

Армян күчтөрү 1275 кишини туткунга алды жана булардан 150 кишиден эч кабар алына албады.



Тектеш кабарлар