Казакстанда Нооруз майрамы майрамдалды

Казакстандын борбор шаары Астанада эч кими жок жана майып балдар үчүн Нооруз майрамы өткөрүлдү.

1166573
Казакстанда Нооруз майрамы майрамдалды

Казакстандын борбор шаары Астанада эч кими жок жана майып балдар үчүн Нооруз майрамы өткөрүлдү.

Казакстан улуттук музейинде өткөрүлгөн иш чарага маданият жана спорт министри Арстанбек Мухамедулу менен бирге өлкөдө иш алып барган элчилер менен көп сандаган конок катышты.

Иш чарада улуттук ырлар жана бийлер аткарылып, көчмөн казак калкынын кийимдеринин дефильеси болуп, кол өнөрү менен жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду. Нооруз тамагы «көже» бышырылды. Эч кими жок жана майып балдарга белектер берилди.

Мухамедулу  сөзүндө улуттук салттар менен маданияттын жайылтылышы жактан Нооруз майрамынын маанилүү экендигине көңүлдөрдү буруп : «Нооруз майрамы бир гана казактардыкы эмес өлкөбүздө жашаган бардык элдердин майрамы болушу керек»,- деди.  Мухамедулу : «Өлкөбүздүн келечеги жаштарыбыздын колунда. Жаштарыбызга каада  - салттарыбызды көрсөтүүбүз керек»,- деди.

Мухамедулу 21 -  Март Нооруз майрамында баарын улуттук кийимдерди кийип борбор шаар Астананын түрдүү жерлеринде өткөрүлө турган түрдүү маданий иш чараларды көрүүгө чакырды.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар