Казакстанда Сириядан чыгарылган жыйырма киши камоого алынды

Камалгандардын Нур Султан, Атырау, Актөбө, Уральск, Караганда жана Чымкент шаарларындагы кылмыш ишин иликтөө борборлоруна жиберилгендиги билдирилди.

1200466
Казакстанда Сириядан чыгарылган жыйырма киши камоого алынды

Казакстанда  өткөн жумада Сириядан чыгарылган казак жарандарынан жыйырмасы террордук уюм ДЕАШ менен байланышы бар деген шектенүү менен камалды. Алардын төртөөсү аял.

Казакстан Улуттук Коопсуздук Комитетинин жетекчиси Бахытбек Рахымбердиев өткөргөн пресс  - жыйынында 7 – 9 -  май күндөрү Сириядан чыгарылган эки жүз отуз бир кишиден төртөөсү аял болгон жыйырма кишинин ДЕАШ менен байланышы бар деген шектенүү менен камалгандыгын белгиледи.

Камалгандардын Нур Султан, Атырау, Актөбө, Уральск, Караганда жана Чымкент шаарларындагы кылмыш ишин иликтөө борборлоруна жиберилгендигин айткан Рахымбердиев бул кишилердин ыктыярдуу түрдө өлкөгө кайтуу чечимин чыгарышкандарын жана кээ бирлеринин кылмыш жоопкерчилигин моюнга алууга даяр экендерин билдирди.

Рахымбердиев алып келинген элүү беш аял жана жүз элүү алты баланын Актау шаарындагы адаптация борборуна бир айлык мөөнөт менен жайгаштырылгандыгын, саламаттык текшерүүдөн өткөрүлгөндүгүн, өзгөчө психолог жана теологдордун бул кишилердин реаблитациясы үчүн иштегендигин билдирди.

Аялдардын террордук уюмдарга кошулуп же кошулбагандыгынын текшерилгендигин белгилеген Рахымбердиев эч бир шектенүү болбогон учурда аялдарды балдары менен туулган жерлерине жиберишерин айтты.

Нурсултан Назарбаевдин жолдомосу менен январь   айында болгон Жусан операциясынын уландысы болгон Жусан – 2 операциясы 7 – 9 -  майда жүргүзүлдү, Сириядан эки жүз отуз бир Казакстан жараны алып келинген. Алардын жүз элүү алтысы бала.

Январь айындагы операцияда да кырк жети казак Сириядан чыгарылып, алардын ичинен отузу балдар болгон.



Тектеш кабарлар