Казакстанда валюта алууга чектөө киргизүү жолдомосу берилди

Казакстандын премьер  - министри Аскар Мамин нефть бааларындагы төмөндөөдөн улам бардык улуттук фирмаларга валюта базарындагы иштерин Улуттук Банк менен жүргүзүүгө жолдомо берди.

1375546
Казакстанда валюта алууга чектөө  киргизүү жолдомосу берилди

Казакстанда акыркы мезгилде дүйнөлүк экономикада болгон абалдардан улам валюта алууну чектөө жолдомосу берилди.

Казакстандын премьер  - министри Аскар Мамин министрлер кеңешинин жыйынында нефть бааларындагы төмөндөөдөн улам бардык улуттук фирмаларга валюта базарындагы иштерин Улуттук Банк менен жүргүзүүгө жолдомо берди.

Бул милдеттерди орундатууга тийиштүү  болбогон валюта алууну токтотуу жолдомосун берген Мамин : «Артыкчылыгы болбогон инвестиция долбоорлорунун ишке ашырылышынын кечеңдетилиши менен бюджет  чыгашалары каралуусу керек»,- деди.

Мамин бардык социалдык милдеттүүлүктөрдүн учурунда аткарылышы, жумуш менен камсыз кылуу боюнча жол картасынын түзүлүшү керектигин да баса белгиледи.

Нефть бааларындагы төмөндөөдөн улам кечээ улуттук акча  теңге баа жоготуп, Казакстан бул кризиске карата кыймыл планын түзүү чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар