Казакстандагы Кожо Ахмет Яссаву күмбөзүн 1, 5 миллион турист зыярат кылды

Түркстан аймагынын губернаторунун орун басары Мейиржан Мырзалиев туристтердин кызыгуусунун Түркстандын жогорку потенциалынын көрсөткүчү экендигине көңүлдөрдү бурду.

1344697
Казакстандагы Кожо Ахмет Яссаву  күмбөзүн 1, 5 миллион турист зыярат кылды

Казакстандын Түркстан шаарындагы Кожо Ахмет Яссаву күмбөзүн өткөн жылы 1 миллион 500 миң турист зыярат кылды.

Түркстан аймагынын губернаторунун орун басары Мейиржан Мырзалиев өткөргөн пресс  - жыйынында  аймактын социалдык, экономикалык жана туризм тармактарындагы абалдар тууралуу маалымат берди.

Аймакта 168 мейманкана, 51 эс алуу жери жана 60 эс алуу борборунун иш алып баргандыгын белгилеген Мырзалиев 57 туристтик багыттын түзүлгөндүгүн айтты.

Мырзалиев  Түркстандын мейманканаларында эл аралык стандарттарга ылайык рестоврациялоо иштеринин аткарылгандыгына көңүлдөрдү буруп : «Салттуу кол өнөрү борборунун имараты, эл аралык аэропорт, театр, Кожо Ахмет Яссаву музейи менен башка комплекстер курулууда»,- деди.

Түркстанга карата туристтердин кызыгуусунун жыл өткөн сайын арткандыгын белгилеген Мырзалиев : «Өткөн жылы Кожо Ахмет Яссаву күмбөзүн 1 миллион 500 миң турист зыярат кылды. Бул сандын 2025 -  жылы 5 миллионго чыгаруу пландалууда»,- деди.

Мырзалиев туристтердин кызыгуусунун Түркстандын жогорку потенциалынын көрсөткүчү экендигине көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар