Казакстандагы окуяларда каза болгондордун саны жарыяланды
Казакстандын башкы прокурору Серик Шалабаев өлкөдө зордук-зомбулуктан каза болгондордун саны боюнча маалымат берди.
Казакстандын башкы прокурору Серик Шалабаев өлкөдөгү коогалаңда 19у укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон 225 адам каза болгонун билдирди.
Серик Шалабаев өлкөдө зордук-зомбулуктан каза болгондордун саны боюнча маалымат берди.
Шалабаев маалымат жыйынында: «Өлүкканаларга 225 адам жеткирилди, алардын 19у полиция жана аскерлер. 4353 адам жараат алды, анын 3393ү укук коргоо органдарынын кызматкерлери»,-деди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Асел Артакшинова каза болгон 225 адамдын 175и медициналык борборлордо катталганын билдирди.
Казакстанда 2-январда суюлтулган мунай газынын баасы көбөйтүлүп, социалдык-экономикалык абал начарлап кетти деген нааразылык акциялары башталган.
Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, нааразылык акциялары үчүн өкмөттү күнөөлөгөн.
Нааразылык акциялары жайылып кеткендиктен 3 чоң шаар жана 14 облуста өзгөчө абал жарыяланды.
Президент Токаев 11-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө конституциялык түзүлүш камсыздалганын билдирди.