Казакстандагы селден 5 адам каза болду
Абай облусунда болсо 2 адамды издөө иштери уланууда.
Казакстандагы селдерден 5 адам каза болуп, дайынсыз жоголгон 2 адамды издөө иштери уланууда.
Өлкөдө уланып жаткан селдердин айынан Атрау облусунда 4 адам сууга чөгүп каза тапса, Түркстан облусунда да бир бала агымга кабылып каза болду.
Абай облусунда болсо 2 адамды издөө иштери жүрүүдө.
Бир тараптан Казакстанда жаан-чачындуу өткөн кыштан кийин тез эриген кар суусу дарыяларда ташкындарга себеп болушунан келип чыккан селдердерге каршы күрөш уланып жатат.
Селден улам 8 аймактагы 38 калктуу конушта «жергиликтүү масштабда» өзгөчө кырдаал режими уланууда.
Суу каптаган аймактардан ушул убакка чейин куткарылгандардын саны 117 миң 694кө жетсе, алардын 18 миң 651и үйлөрүнө кайтты. Эвакуациялангандардын 6 миң 887си убактылуу баш калкалоочу борборлордо жашап жатышат.
Ошондой эле 113 миң 852 айыл чарба жаныбарлары коопсуз жайларга жеткирилди.
Акмола, Актөбө, Атрау, Костанай жана Түндүк Казакстан облустарында 5 миң 718 үйдү суу каптады.
Өлкөдөгү селдер менен күрөшүүгө 44 миң 156 жеке кызматкер, анын ичинде жоокерлер мобилизацияланды.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.