Казакстандан Өзбекстанга электр экспорттолот
Казакстандын жылдын акырына чейин Өзбекстанга 1 миллиард киловат саат электр экспорттоону пландагандыгы билдирилди.
Казакстандын жылдын акырына чейин Өзбекстанга 1 миллиард киловат саат электр экспорттоону пландагандыгы билдирилди.
Казак расмий маалымат агенттиги Казинформда орун алган кабарга караганда Казакстандын электр энергия фирмасы KEGOCтун башкаруу кеңешинин төрагасы Бакытжан Кажиев журналисттерге берген маалыматта бул жылы өлкө тарыхында биринчи жолу Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоо үчүн келишкендерин билдирди.
Кажиев : «Ушул таптан баштап Өзбектанга 500 миллион киловат саат электр энергиясын экспорттодук. Жылдын акырына чейин 1 миллиард киловат саат берүүнү пландап жатабыз»,- деди. Бакытжан Кажиев экспорт үчүн белгиленген электр энергиясы көлөмүн ашып өтө турган болсо электр энергиясы жүктү азайтуу автоматизациясынын ишке кирерин айтты.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.