Казакстандын Орусияга сунушу

Нурлан Ногаев Александр Новак менен жолугушту.

1359001
Казакстандын Орусияга сунушу

Казакстан Орусияга «Сибирдин күчү-2» газ куурунун  өз жерлеринен өтүүсүн сунуштаганын билдирди.

Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө, министр Нурлан Ногаевдин Орусияга сапарынын алкагында орус кесиптеши Александр Новак менен жолугушкандыгы белигиленди.

Жолугушууда тараптардын энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтык темаларын сүйлөшкөндөрү баса белгиленген билдирүүдө: «Ногаев «Сибирдин күчү-2» газ куурунун Казакстандан өтүп Кытайдын Батыш-Чыгыш түтүк жол системасына байланыштыруусун карап чыгууну сунуштады», деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө Новактын мунай жана газ түтүк жолдорун жеткирүүдө эки тараптуу пайда алып келе турчу кызматташтыкка ээ экендиктерин белгилегени маалымдалды.



Тектеш кабарлар