Казакстандын президенти кызматынан кетти

Нурсултан Назарбаев президент катары отставкага кеткендигине байланыштуу жарлыкка кол койду.

1166721
Казакстандын президенти кызматынан кетти

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кеткендигин билдирди. Нурсултан Назарбаев президент катары отставкага кеткендигине байланыштуу жарлыкка кол койду.

Назарбаев мамлекеттик телекөрсөтүү каналдарынын арачылыгы менен берген билдирүүсүндө бүгүнкү элге кайрылуусунун өзгөчө экендигин, өзү үчүн кыйын бир чечим чыгаргандыгын белгилеп : «Президент катары ыйгарым укуктарымдан баш тартуу чечимин чыгардым»,- деди.

Президент Назарбаев калган кызмат мөөнөтү бүткөнгө чейин президенттик жоопкерчиликтин сенаттын төрагасы Касым Жомарт Токаевге берилерин, жаңы президенттин ант берүү аземинин эртең парламентте өткөрүлөрүн айтты.

Президент Назарбаев сүйлөгөндөн кийин 20 -  марттан баштап президенттик ыйгарым укугунан баш тартуу чечимин чыгаргандыгына байланыштуу жарлыкка кол койду.

Парламентте эртең ант берүү менен президенттик кызматын Назарбаевден өткөрүп ала турган Токаев 2020 -  жылга чейин кызматын аткарат.

Назарбаев 1940 -  жылы 6 -  июлда Казакстандын Каскелен районунда төрөлдү. 1989 -  жылы Казакстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи секретарлыгына шайланган Назарбаев 1991 -  жылы 1 -  декабрда добуштардын 98, 7 пайызын алып Казакстандын президенти болуп шайланды.

Назарбаевдин кызмат мөөнөтү 2020 -  жылы акырына чыкмак. Назарбаев өлкөнү 30 жыл башкарды.



Тектеш кабарлар