Казакстандын президенти Россиянын премьер - министри менен жолугушту

Россиянын премьер - министри Мушистин Токаевди   9 – майда боло турган Жеңиш майрамы үчүн Москвага  чакырды.

1351362
Казакстандын  президенти Россиянын премьер  - министри менен жолугушту

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев  Россиянын  премьер  - министри Михаил Мишустин менен  жоолугушту.  Казакстан президенттигинин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Токаевдин Мушистин менен жолугушуусунда эки тараптуу стратегиялык жана өнөктөштүк кызматташуусунун дагы да  тереңдетилиши менен бирге Урал дарыясынын суу булактарынын  пайдаланылышы жана экологиялык темалар каралды.

Токаев Мушистиндин премьер  - министрлик кызматындагы  биринчи сапарын Казакстанга жасашынын Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагындагы эки тараптуу стратегиялык кызматташуусу жактан символдук экендигин айтты.

Мушистиндин кечээ Алматыда өткөрүлгөн санариптешүү жана жасалма акыл тема болгон Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөттөр аралык комиссия жыйынына катышкандыгын эске салган Токаев  : «Казакстан бул темага активдүү кызыгууда. Бул тармакта кенен тажрыйбага ээбиз, ошондуктан сиздер менен кызматташуу түзүүнү каалайбыз», - деди.

Россиянын премьер  - министри Мушистин өлкөсү менен Казакстанды бир туугандык жана өнөктөштүк  байланыштарынын бириктиргендигин баса белгилеп эки тараптуу соода, экономикалык  жана инвестиция тармактарында кызматташуусунун динамикалуу  түрдө өнүккөндүгүн белгиледи.

Аймактык кызматташуунун күчтөнгөндүгүнө да көңүлдөрдү бурган Мушистин : «Өлкөлөрүбүз Евразия Экономикалык Биримдиги, Коллективдик Коопсуздук Келишими Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму жана башка көп тараптуу уюмдарда жол башчылык роль ойноп жатат»,  - деди.

Мушистин Токаевди   9 – майда боло турган Жеңиш майрамы үчүн Москвага  чакыргандыгын да эске салды.



Тектеш кабарлар