Казакстандын жаңы президенти ант берди

Президенттик кызматты тажрыйбалуу дипломат өткөрүп алды.

1167043
Казакстандын жаңы президенти ант берди

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кечээ күтүлбөгөн жерден кызматтан кетишинен кийин бул кызматты убактылуу өткөрүп алган Касым Жомарт Токаев ант берди.

29 жыл жүргүзгөн президенттик кызматын тапшырып берген Назарбаевдин калган мөөнөтү бүткөнгө чейин президенттин милдетин аткара турган сенаттын төргасы Касым Жомарт Токаев парламентте ант берип жаңы кызматына киришти.

Токаев 2020-жылга чейин Казакстандын убактылуу президенти болот.

Назарбаев президенттик кызматтан кеткенин жар салган кайрылуусунда: «Токаев Казакстанды башкарууга ишенип бере турган адам экенине ишенем» деген эле. Ал Советтер Союзу жана Казакстандын тышкы иштер министрликтеринде маанилүү кызматтарды аркалаган. Ошондой эле орус, англис, кытай жана француз тилдерин билет.

Казак тилинин кирилл алфавитинен латын арибине өтүүсүнө колдоо көрсөткөндөрдөн болгон Токаев, бангизат саткандардын өмүр бою абак же өлүм жазасына тартылышына чейин катуу жазаландырылышын сунуштаган болчу.

Токаев булардын улуттук кызыкчылыктарга коркунуч жараткан терроризм менен барабар экенин айткан эле.

Айрыкча Токаев Евразия экономикалык биримдиги менен интеграция түзүүнү жактаган мамилелери менен белинет.



Тектеш кабарлар