Казакстанда эл аралык билим берүү жана билим жарманкеси башталды

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда 17 -  Эл аралык билим берүү жана билим жарманкеси ачылды.

1309489
Казакстанда эл аралык билим берүү жана билим жарманкеси башталды

Казакстандын борбор шаары Нур Султанда 17 -  Эл аралык билим берүү жана билим жарманкеси ачылды.

Атакент Expo фирмасы тарабынан Көрме жарманке борборунда өткөрүлгөн жарманкенин ачылуу аземине сектордун өкүлдөрү, дипломаттар жана көп сандаган конок катышты.

Жарманкеде Казакстан, Орусия, Болгария, Канада, Литва, Польша жана Швейцариядан келген университет өкүлдөрү стенд ачышты.

Жарманкеге катышкандардан Кожо Ахмет Яссаву эл аралык түрк  -  казак университетинин ректорунун кеңешчиси Эдил Төлегенов Анадолу агенттигине маалымат берип университеттин мүмкүнчүлүктөрүн таанытууну каалашкандарын айтты.

Ахмет Яссаву университетинин Түркистан шаарында орун алышы менен кызыгуунун абдан чоң болгондугун белгилеген Төлегенов : «Акыркы 2 жылда студенттерибиздин саны эки эсеге өсүп, 10 миңден ашты. Мунун 15 пайызын чет элдик студенттер түзөт»,- деди. Төлегенов университетте 17 өлкө, 41 улуттун студенти билим алып жаткандыгын билдирди.

Университеттин Казакстанда эл аралык статуска ээ бир гана билим берүү мекеме экендигине көңүлдөрдү бурган Төлегенов казакча, түркчө, англис тилинде жана орус тилинде билим берилгендигин айтты. Төлегенов университетте чет элдик студенттердин өлкөлөрүнө барышы үчүн жол чыгымдарынын камсыздалгандыгын, Түркиядан 500 казак студентке стипендия берилгендигин, экономикалык абалы начар студенттер үчүн жаткана жана башка темаларда жеңилдиктердин берилгендигин сөздөрүнө кошту. Жарманке жума күнү аяктайт.



Тектеш кабарлар