Кипрдык түрктөр менен румдар бири бирине таандык болгон маданий буюмдарды тапшырат

Президент Мустафа Акынжы  Эки коомдуу маданий техникалык комитет мүчөлөрү менен тапшыруу процессине салым кошкон баарын куттуктады.

1263560
Кипрдык түрктөр менен румдар бири бирине таандык болгон маданий буюмдарды тапшырат

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен Түштүк Рум Башкаруусунун лидери Никос Анастасиядистин 26 -  февралда түзгөн макулдашуусунун негизинде кипрдык түрктөрдүн 1963 -  жылдан мурунку турмушунан маанилүү учурларды камтыган үн жана видео архивдери менен 1974 -  жылдан кийин түндүктө калган жана коргоо астына алынган кипрдык рум сүрөтчүлөрүнө таандык 219 картина тапшыруу процессин акырына чыгаруу менен БУУнун жетекчилерине тапшырылды.

Президенттиктен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда архив жана картиналар тууралуу керектүү иштердин акырына чыгышынан кийин бири бирине тапшырылган бардык маданий буюмдар тарапсыз аймакта өткөрүлө турган көргөзмөгө коюлат.

Тарапсыз аймактагы биргелешкен көргөзмөдөн кийин картина, үн жана видеолор тараптарга тапшырылат.

Кипрдык румдарга таандык 219 картинанын 45 жылдан кийин ээлерине тапшырылышы менен кипрдык түктөргө таандык үн жана видео архивдеринин тапшырылышынан улам кубанычтуу экендигин айткан Акынжы бири бирине карата жакшы ниет кадамынын эки коомдун жакындашына чоң салым кошорун баса белгиледи.

Президент Акынжы  Эки коомдуу маданий техникалык комитет мүчөлөрү менен тапшыруу процессине салым кошкон баарын куттуктады.



Тектеш кабарлар