КРнын Түркиядагы Элчилигинин жарандарга кайрылуусу

COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдарынын токтоп калгандыгына байланыштуу кулактандыруу.

1444574
КРнын Түркиядагы Элчилигинин жарандарга кайрылуусу

Урматтуу мекендештер!

COVID-19 пандемиясынан улам Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдарынын токтоп калгандыгына байланыштуу, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарынан мекенге кайтып кетүү маселеси боюнча көптөгөн кайрылууларды кабыл алууда. Айрым авиакомпаниялар расмий баракчаларында Кыргызстанга туруктуу каттамдардын калыбына келтирилиши жөнүндө маалымат жайгаштырылгандыгына байланыштуу, мекендештер Түркия жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга авиабилеттерди сатып алышканы белгилүү болду. Ушул себептен, Элчилик учурда Кыргызстан менен эл аралык туруктуу аба каттамдар калыбына келтириле электигин маалымдайт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аба каттамдарын расмий түрдө ачылгандыгын жарыялаганга чейин, Элчилик пландуу рейстерге авиабилеттерди сатып алууну сунуш кылбайт.

Белгилей кетүү керек, Элчилик тарабынан март-июнь айларында уюштурулган 5 чартердик рейс менен Кыргыз Республикасынын жалпысынан 1415 жараны Мекенибизге кайтарылган. Азыркы учурда Элчилик менен Башкы консулдук Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандардын тизмесин түзүүнү улантууда. Тизмеге катталуу үчүн Элчиликке kgembassy.tr@mfa.gov.kg жана Башкы консулдукка kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук почталары аркылуу кайрылууну өтүнөбүз.

Кайрылууда төмөнкү маалыматты көрсөтүү зарыл: латын тамгалары менен паспорттогудай аты-жөнү, туулган датасы, паспорттун номери, Түркиядагы жашаган шаары жана байланыш телефон номери.

Чартердик рейсти ишке ашырууга эки өлкө бийликтеринин уруксаты алынгандан кийин кайрылган жарандарга Элчиликтин расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу кошумча маалымат берилет.

КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар