Крым татарларынын Улуттук Байрак Күнү

Украинанын борбор шаары Киевде Крым татар улуттук желек күнүнөн улам иш чара өткөрүлдү.

1444317
Крым татарларынын Улуттук Байрак Күнү

Украинанын борбор шаары Киевде Крым татар Улуттук Желек Күнүнөн улам иш чара өткөрүлдү.

Украинанын тышкы иштер министрлигиндеги иш чарага Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба, тышкы иштер министринин орун басары Эмине Жеппар, Крым татар элинин лидери Мустафа Абдүлжемил Кырымоглу менен Крым татар улуттук парламентинин спикери Рефат Чубаров катышты. Аземде татар түрктөрүнө таандык «Алтын тарак тамгалуу» желек көтөрүлдү.

Кулеба сүйлөгөн сөзүндө татар желегинин Украина үчүн маанилүү экенин белгилеп : «Мыйзам тышы басып алынган Крымда калган татарлардын мыйзамдарынын сакталышы жана Крымдын басып алуудан кутулушу  биз үчүн ар дайым алдыңкылык берилген маселе болот»,- деди. Министр Кулеба Украина жана татар желегинин Крымда көтөрүлүшү үчүн күрөшүшөрүн айтты.

Крым татар улуттук парламентинин  спикери Рефат Чубаров да күндүн маанисин белгилеп : «Украина желеги менен татар желегинин Крымда желбирешинин маанилүү экенине ишенем»,- деди.

Украина президенттигинен берилген маалыматта болсо Крым татар желегинин Россия аннексия кылган Крым үчүн күрөштүн символу экендигин баса белгиледи.

Маалыматта : «Басып алынган Крымда татарлар Украинанын так позициясынан улам бөлүүчүлүккө дуушар болушууда. Саясий туткундардын көпчүлүгү Крым татарлары»,- деген сөздөргө орун берилди.

Түркчүлүктүн символу болгон көк түстүн үстүндө орун алган жана миңдеген жыл түрдүү түрк урууларында да колдонулган үч тиштүү жана алтын түстөгү Тарак тамгасы орун алган Крым татарларынын улуттук желеги 1991 -  жылы 26 -  июнда чогулган Крым Татар Улуттук Курултайында улуттук желек катары курултай залдарында илинген.

Крым татар улуттук курултайы 2010 -  жылы 26 -  июнь күнү Крым Татар Улуттук Желек Күнү деп жарыялап, ал күндөн бери жыл сайын Крым Татар Улуттук Желек Күнү  майрамдала баштаган.



Тектеш кабарлар