Кудрет Өзерсай Кипр рум башкаруусуна каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын курулушунун 36 - жылында Кипр рум тарабында түрк тарабынан байрагы өрттөлдү.

1308326
Кудрет Өзерсай Кипр рум башкаруусуна каршылык көрсөттү

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын вице  - премьер  - министри жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын курулушунун 36 -  жылында Кипр рум тарабында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын байрагынын өрттөлүшүнө үн чыгарбаган Кипр рум башкаруусу жана саясий паритияларына каршылык көрсөттү.

Кудрет Өзерсай социалдык медиа твиттерден берген маалыматында Рум башкаруусу жана саясий партиялардын окуя тууралуу үнсүздүгүн сынга алып : «Кипр рум саясий партияларынын жана рум лидеринин үнсүздүгү көңүл бураарлык»,- деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын байрагынын өрттөлүшүнө эч кимдин үн чыгарбашы окуяны кабыл алуу деген мааниге келери боюнча эскерткен Өзерсай : «Негизги коркунучтуу нерсе Кипр түрктөрүн бутага алган мындай кыймылдарга үн чыгарбастан кабыл алынышы. Өзгөчө урматтуу Никос Анастасиадес бул окуяларга карата айыптаган, туура эместигин айткан билдирүү жасамайынча жана мындай аракеттерге каршы чара көрмөйүнчө  Кипрде азыркы учурдагы ишенимсиздик күч алат. Урматтуу Анастасиадести жоопкерчилигин билүү менен кыймыл кылууга чакырам. Бул үнсүздүк жакшылыктын белгиси эмес»,- деди.

 



Тектеш кабарлар