Күмөндөр Абылов Анкарада мекендештерге чыгармачылыгын тартуулады

КРнын Эл артисти, белгилүү куудул, ондогон обондордун автору,талантту киноактер Күмөндөр Абылов  Түркияда.

1262524
Күмөндөр Абылов Анкарада мекендештерге чыгармачылыгын тартуулады
ГҮМӨНДӨР17.jpg

КРнын Эл артисти, белгилүү куудул, ондогон обондордун автору,талантту киноактер Күмөндөр Абылов  Түркияда. КРнын Анкарадагы Элчилигинин колдоосу, Анталиядагы "Кыргыз эли" коомунун демилгеси жана жеке ишкер Махабат Айбашованын чакыруусу менен 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата чоң концерттик программа даярдап келген Күмөндөр Абыловдун алгачкы концерти Антальяда болду.

Ал эми концерт 1-сентябрь күнү Анкара шаарында уланып, программага Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана бүтүндөй элчилик жамааты катышты. Ошондой эле Башкент платформасы жарандык уюмунун башчысы, Кыргызстандын Түркиядагы ардактуу консулу Мустафа Курт, Осмон Туран коомунун жетекчилери менен Анкарада жашап иштеп, окуп жүрүшкөн мекендештер катышышты.

Иш-чаранын ачылышында элчи Өмүралиев сөз сүйлөп, мекендештерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Аны менен бирге Күмөндөр Абыловдун Түркиядагы турнеси ийгиликтүү болушун, Түркия калкы Абылов сыяктуу Кыргыз эл артисттерин дагы көбүрөөк таанышын каалады.

Күмөндөрдүн күлкүсүн, куйкум сөздөрүн, боорду эзген сатираларын сагынган Түркияда жашап иштеп жүргөн мекендештер келишип өнөрүнө күбө болушту. Күмөндөр Абылов Кыргызстандан өзүнүн таланттуу бир туугандары менен келип,чоң программадагы концертин тартуулап жатат. Анда өзүнүн обонуна жазылган ырларын бир туугандары Канат Мукул Абылов менен Тилекгүл Абылова аткарышып, жагымдуу үндөрү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. Ал эми өзүнүн мыскылдары менен тамашаларын залда отургандар сүрөп отурушту. “Күлкү – ден- соолуктун мүлкү” демекчи келгендер жүздөрүнө жылмаюу болуп жагымдуу маанайда кайтышты.

Күмөндөр Абылов алдыдагы күндөрдө Cтамбул шаарына да сапар алмакчы.

 



Тектеш кабарлар