Кыргызстан TikTokко тыюу салат
Кыргызстан жакынкы күндөрү TikTok платформасына кирүү мүмкүнчүлүгүн толугу менен жаабууга даярданууда.
Кыргызстан TikTok платформасына кирүү мүмкүнчүлүгүн толугу менен жаабууга даярданууда. Санариптик өнүгүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кеңеши бул боюнча өлкөнүн бардык интернет провайдерлерине билдирүү жөнөттү.
Билдирүүдө сөз болуп жаткан буйруктун Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен келгендиги билдирилди. Билдирүүгө ылайык, TikTokтун кыргыз бөлүмүндө “контент цензурасына системалуу жана принциптүү мамиле” жок жана балдарга багытталган контентти көзөмөлдөөнүн жоктугу эң көп тынчсызданууну жаратууда.
Буга чейин, 2023 - жылдын 30 - августунда Кыргызстандын Маданият министрлиги өлкөдө TikTok ишмердүүлүгү токтотулганын билдирген. Бул чечим коомчулукта чоң жаңырык жаратты. Ушул эле күнү Санариптик өнүгүү министрлиги интернет-провайдерлерди социалдык тармакка кирүүгө бөгөт коюу боюнча тез арада чара көрүүгө чакырды.
2023 - жылдын декабрь айынын акырында Санариптик өнүгүү министрлиги платформанын "бир топ себептерден улам" бөгөттөлбөгөндүгүн айткан.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.