Кыргызстанда 2019 – жыл «санариптешүү жылы» деп жарыяланды

Сооронбай Жээнбеков жылдын биринчи иш алып баруу сапарында Чуй аймагындагы Сокулук районунда эл менен жолугушту.

1122980
Кыргызстанда 2019 – жыл «санариптешүү жылы» деп жарыяланды

 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2019 -  жылыды өлкөдө санариптешүү жылы деп жарыялангындыгын билдирди. Президенттиктин басма сөз борборунан берилген маалыматка караганда президент Сооронбай Жээнбеков жылдын биринчи иш алып баруу сапарында Чуй аймагындагы Сокулук районунда эл менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков бул жерде сүйлөгөн сөзүндө 2018-  жылдын аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялангандыгын эске салып, өлкөдө бул жылы жана андан кийин да аймактардын өнүгүшүнө көңүл бурушарын баса белгиледи. Жээнбеков бул жылдын өлкөдө санариптешүү жылы деп жарыялангандыгын айтты.

Өткөн жылы дыйкандарды колдоо үчүн жаңы ишканаларды 3 жылдык мөөнөт менен текшерүүдөн бошотулгандыгын айткан Жээнбеков продукцияларды күбөлүктөндүрүү жана стандартташтыруу үчүн жаңы лабораториялардын курулгандыгын, жергиликтүү ишканаларга карата салыктардын түшүрүлгөндүгүн, айыл – чарбанын финансысынын жакшыртылгандыгын белгиледи.  

Жээнбеков өткөн жылы айыл  - чарба продукциялары менен бирге текстиль, кийим жана курулуш тармагында бул продукцияларды иштеткен, сактаган жана класстарга бөлгөн 200дөн ашуун жаңы ишкананын  ачылгандыгын, ушундайча 2 миң 500дөн ашуун кишинин жумуш менен камсыздалгандыгын билдирди.

Өлкөнүн санариптешүү иштеринин негизинде коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды сунуш кылууну улантышарын баса белгилеген Жээнбеков коомдук тейлөөнүн интернет чөйрөсүнө өткөрүлүшү менен бирге коррупциянын алдына өтүүнүн максат кылынгандыгын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар