Кыргызстанда Атамбаевдин кармалышы жана коопсуздук күчтөрүнүн башчылары тууралуу...

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы кечээ, 13-августта билдирди.

1252515
Кыргызстанда Атамбаевдин кармалышы жана коопсуздук күчтөрүнүн башчылары тууралуу...

 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы кечээ, 13-августта билдирди.

Милициянын генерал-майору К.Асанов тууралуу буйрукка премьер-министр кол койгон.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы: «Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуялардын жүрүшүндө массалык баш аламандыктардын алдын алууга, коомдук коопсуздукту сактоого, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө коомдук тартипти орнотуу максатында А.Атамбаев жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн негизги максаты  А.Атамбаевдин кан төгүлбөстөн колго түшүп берүүсү жана бардык маселелерди укук талаасында чечүү керектиги белгиленген. Бирок А.Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болгон эмес. Ошондо Кашкар Жунушалиев атышуу жакшылыкка алып барбастыгын баса белгилеп, өз эрки менен колго түшүү менен абалды курчутпоону талап кылып, А.Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген. Сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда А.Атамбаевдин жанында Кундуз ЖолдубаеваФарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жаш жигит болгон.

Кундуз Жолдубаева: “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз”, - деп айтып жатты. Ошондон кийин гана штурм жасаганга мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы 3 мүнөт убакыт берилген. Үйдүн ичиндеги А.Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде Курсан Асанов жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сырттагы кызматтык ордун таштап, А.Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында коомдук тартипти турукташтырууда өзүнө тапшырылган жерде кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, окуянын жүрүшүн видеотасмага тарттырганы, курал-жарактарды кармаганга болбостугуна, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала турганына, фото-видеого атайын кызматкерлер гана тарта турганына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган. Бул анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болду.

7-8-августтагы окуялар боюнча тергөө, иликтөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгына, тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу айрым маалыматтар азырынча ачыкталбайт.

Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокурорлукка юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлдү».

Ички иштер министрине жаңы орун басар болуп Асанов Памирбек Жумалиевич дайындалды.

Бул учурда Асанов тууралуу ички териштирүүнү иликтеген Башкы прокурорлук, Асанов туурасында тергөө баштоо үчүн Аскердик прокурорлукка иликтөө буйругун берди.

Милиция, Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кол тийбестиги жоюлган Атамбаевди мафия төбөлү Азиз Батукаевдин 2013-жылы мыйзамсыз эркин кое берилиши тууралуу териштирүүнүн алкагында «күбө» сыпаты менен түшүндүрмө берүүгө үч жолу чакырган.

Атамбаев, кол тийбестигинин жоюлушунун мыйзамдарга терс экенин жактап, түшүндүрмө берүүгө баруудан баш тарткан болчу.

Анын колдоочулары ыктымалдуу операцияга каршы Атамбаевдин үйүндө 1,5 айдай нөөмөттө турушкан. Бул убакта Атамбевдин үйүнө бир жүк машина толтура таш жана таш бетондор түшүрүлүшү көңүлдү бурган.

Ички иштер министрлиги териштирүү бөлүмүнүн үчүнчү жолу чакыруусуна келбеген Атамбаевди атайын күчтөрдүн коштоосунда талап кылынган органга жеткириш үчүн 7-августта Кой-Таш айылындагы үйүнө операция жүргүзгөн.

Операция убагында болгон кагылышууларда көкүрөгүнөн атылган коопсуздук кызматкери каза тапкан, 16-коопсуздук кызматкери курал, таш жана таяктар менен жараланган, 6 коопсуздук кызматкери Атамбаевдин жактоочулары тарабынан барымтага алынган.

Окуянын күчөп кектени боюнча операциясын жарым калтырууга аргасыз болгон коопсуздук күчтөрү, эртеси 8-августтун кечинде жарым калган операцияны бүткөрүп, Атамбаевди кармап кеткен.



Тектеш кабарлар