Кыргызстанда экспорттун көлөмү өстү

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.

1353870
Кыргызстанда экспорттун көлөмү өстү

Кыргызстанда экспорттун көлөмү өткөн жылдын 11 айында 1,7 миллиард долларга өстү.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети, 2019-жылдын январь-ноябрь мезгилинин тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда, өлкөдө экспорттун көлөмү 11 айда 9,4 пайыз өсүп 1,7 миллиард долларга жетсе, импортун көлөмү да 6,6 пайыз азайып 4,5 миллиард доллар болду.

Бул мезгилде тышкы соода дефицити болсо 14,5 пайыз төмөндөп 2,8 миллиар долларга кыскарды.

Ал эми өлкөнүн негизги экспорттук потенциалы болууну уланткан алтындын жалпы экспорттогу үлүшү 34,2 пайыздан 42 пайызга көбөйдү.



Тектеш кабарлар