Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленди

Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара кечээ борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өттү.

1371278
Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленди

Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара кечээ борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтында өттү. Өлкөнүн мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген.

alt photo textКыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө

Өлкөнүн мамлекеттик туусу жарым жылга жакын убакытта жасалып атайын токтом менен бекитилген. Туунун авторлорунун бири сүрөтчү Жусуп Матаев болгон. Ал 1991-92 жылдары өлкөнүн башкы желегин жасоо боюнча атайын сынак жарыяланып, ага ондогон сүйрөтчүлөр катышканын эстеди. Туунун авторлору беш киши болушкан. Жусуп Матаевден сырткары авторлор тобуна Эдиль Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаров кирген. Желектин ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар.Желек күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара борбордук “Ала-Тоо” аянтында уюштурулуп, ага Бишкек шаарынын мэри, Бишкек шаардык кеңешинин жетекчилиги жана калаа тургундары катышты. Мэр Азиз Суракматов шаар тургундарын жана меймандарды майрамы менен куттуктады. 

Булак; КТРК сайты



Тектеш кабарлар