Кыргызстанда өкмөт отставкага кетти

Президенттин маалымат борбору тараткан билдирүүдө президенттин милдетин аткарып жаткан парламенттин төрагасы Талант Мамытов министрлер кабинетинин кызматтан кетишин кабыл алгандыгы айтылган.

1568431
Кыргызстанда өкмөт отставкага кетти

Кыргызстандын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жетишти деп жарыялагандан көп өтпөй, 3 ай мурун Жапаровдун жетекчилиги астында түзүлгөн өкмөт отставкага кетти.

Президенттин маалымат борбору тараткан билдирүүдө президенттин милдетин аткарып жаткан парламенттин төрагасы Талант Мамытов министрлер кабинетинин кызматтан кетишин кабыл алгандыгы айтылган.

Билдирүүдө жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин премьер-министр болуп иштеген, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган убактылуу өкмөттүн ишин уланта турганы белгиленди.

Экинчи жагынан, Кыргызстандын эгемендик тарыхында 6-Президент болуп шайланган Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда борбор калаа Бишкектеги Чоң концерт залында өткөрүлөрү белгилүү болду.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоону жокко чыгарууну талап кылган оппозициянын тарапкерлери уюштурган нааразычылык акциялары 5-октябрда элдик толкундоолорго айлангандан кийин Ак үйдү ээлеп алышкан.

Парламенттин мүчөлөрү Президенттин резиденциясына чогулушуп, 5-октябрдагы элдик толкундоолордо тарапкерлери тарабынан абактан бошотулуп «убактылуу премьер-министр» деп жарыяланган мурдагы «Ата Журт» партиясынын депутаты Жапаровдун премьер-министрлигин жана анын министрлер кабинетин 10-октябрда бекиткен.

Өлкөнү 3 жыл башкарган президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткенден кийин, Жапаров президенттикке талапкерлигин коюп, премьер-министрликтен кеткен.



Тектеш кабарлар