Кыргызстандын Ковид-19дун алдын алуулары, Жапониянын чара көрүүлөрү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлигинде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жетекчилигинде жыйналыш өткөрүлдү. Жапония Ковид-19 менен күрөшүүгө 2,5 миллиард каражат бөлдү.

1369459
Кыргызстандын Ковид-19дун алдын алуулары, Жапониянын чара көрүүлөрү

Кыргызстан Ковид-19 эпидемиясынын себебинен бүгүндөн тарта Кытай,Иран,Жапония,Түштүк Корея жана Италиянын атуулдарынын өлкөгө убактылуу киргилилбей турганын жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлигинде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жетекчилигинде жыйналыш өткөрүлдү.

Жыйналыштан кийин берилген маалыматта чектөөлөрдүн дипломатиялык паспорттору болгон кишилерден тышкары киргизилгенин айтып, өлкөгө иш,туризм жана жеке өздүк максаттар үчүн келген бардык жарандар үчүн жарактуу боло турганы белгиленди.

Коронавирустун себебинен бажы капкаларынын бардыгында алдын алууларын күчөткөн өкмөт, Кыргызстандын жарандарынын коңшу өлкөлөргө кимлик карточкасы менен саякат кылууларына дагы тыюу салды.

Кыргызстанда ушул убакка дейре Ковид-19ду жуктарган киши кездешилген жок.

Бир тараптан Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ, жаңы тип коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы менен күрөшүү үчүн 2,5 миллиард доллардык «шашылыш экономикалык пакетти» жарыялады.

Абэ, борбор шаар Токиодо өткөргөн маалымат жыйынында Ковид-19 эмидемиясы менен күрөшүүнүн алкагында керектүү бардык чаралар көрүлө турганын, ушул алкакта жарыяланган 2,5 миллиард доллардык пакеттин ооруну жугузгандар көбөйүү ыктымалына каршы даярдык жана вакцияна иштеп чыгуу эмгектери үчүн жумшала турганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар