Кыргызстандын тышкы иштер министри Кулубаев Түркияга көңүл айтты
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз борборунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө маалымат орун алды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министри Хакан Фиданга телеграмма жөнөтүп, Стамбулдагы өрттөн каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз борборунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Кулубаев түрк кесиптешине кечээ Стамбулдагы оюн-зоок борборундагы оңдоп-түзөөдөн чыккан жана 29 адам өмүрүнөн ажыраган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жибергени айтылды.
Кулубаевдин кайрылуусунда «Стамбулда 2-апрелде чыккан жана адамдардын өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына катуу капа болдум. Өрттөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Жоготууңуздун азап-кайгысын тең бөлүшөм»,деген сөздөргө орун берилди.
Гайреттепедеги Йылдыз Поста проспектисиндеги Гөненоглу көчөсүндөгү 16 кабаттуу үйдүн минус 1 жана 2-кабаттарында иштеп жаткан көңүл ачуучу борбордун оңдоо иштери учурунда мурдагы күнү чыккан өрттөн 29 киши каза болгон.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.