Кыргызстанга Түркиядан дагы эки чартердик аба каттамы уюштурулууда

2020-жылдын 2-июлундагы жана 4-июлундагы Стамбул-Бишкек чартердик авиарейстери тууралуу маалымат.

1445779
Кыргызстанга Түркиядан дагы эки чартердик аба каттамы уюштурулууда

Урматтуу мекендештер,

Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөттөрү ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында, 2020-жылдын 2-июлунда саат 08.00до жана 4-июлунда саат 08.00дө Стамбул шаарынын Сабиха Гокчен атындагы эл аралык аэропортунан Стамбул-Бишкек багыты боюнча “Пегасус” авиакомпаниясынын эки чартердик рейстери аткарылат.

Анкара шаарындагы Элчилике жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдукка 2020-жылдын 27-июну саат 15.00го чейин кайрылган жарандардын кайтарылышы хронологиялык тартиптин негизинде болот жана ар бир рейс менен 233 адам жиберилет, бардыгы 466 адам түзөт.

2020-жылдын 27-июну саат 15.00го чейин кайрылуу жасаган жарандардын тизмелери Элчиликтин (https://mfa.gov.kg/kg/ankara) жана Башкы консулдуктун (https://mfa.gov.kg/kg/istanbul) сайттарында ушул жарыянын тиркемесинде жайгаштырылган.

2020-жылдын 2-июлундагы чартердик рейске авиабилеттер түздөн түз аэропортто 2020-жылдын 1-июлунда жана 2-июлунда саат 02.00го чейин Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык сатылат.

2020-жылдын 4-июлундагы чартердик рейске авиабилеттер түздөн түз аэропортто 2020-жылдын 3-июлунда жана 4-июлунда саат 02.00го чейин Элчилик жана Башкы консулдук тарабынан түзүлгөн тизмелерге ылайык сатылат.

Авиабилеттин баасы - 220 АКШ долл. (доллар, евро же түрк лирасындагы накталай акча же кредиттик карта менен төлөсө болот), эки жашка чейинки балдар үчүн авиабилеттин баасы 23 АКШ долл. түзөт. Уруксат берилген багаж 28 кг., кол багажга уруксат берилбейт жана аны учакка алып кирүүгө болбойт. Эгер багаж 28 кг. ашса, кошумча 1 кг. багаждын акысы 7 АКШ долл. түзөт.

Элчиликтин жана Башкы консулдуктун тизмелеринде болгон жана “Пегасус” авиакомпаниясынын 2020-жылдын 4-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери жогоруда аталган чартердик авиарейстерге жарактуу. Регулярдуу жана чартердик рейстерге авиабилеттердин айырмасы боюнча жарандар «Пегасус» авиакомпаниясынын өкүлчүлүктөрүнө кайрылуусу тийиш.

Элчилике жана Башкы консулдукка кайрылган жана жогоруда белгиленген чартердик рейстер менен кетүүнү ниеттенген жарандар 2020-жылдын 30-июнуна чейин Элчиликтин kgembassy.tr@mfa.gov.kg жана Башкы консулдуктун kgconsulate.istanbul@mfa.gov.kg электрондук почталары аркылуу өздөрүнүн макулдугун ырастоосу зарыл.

Анкара шаарынан жөнөөчү өз каалоосун билдирген жарандарга Стамбул шаарындагы аэропортко баруу үчүн транспорт уюштурулат, жол киренин баасы 125 түрк лирасы. Ушуга байланыштуу Анкара шаарынан атайын уюштурулуучу транспорт менен кетүүнү каалаган жарандар өздөрүнүн каалоосун Элчилике 2020-жылдын 30-июнуна чейин билдирүүсүн суранабыз.

Анкарадагы Элчиликтин тизмеси -  ЖҮКТӨӨ

Стамбулдагы Башкы консулдуктун тизмеси - ЖҮКТӨӨ.

КРнын Түркиядагы Элчилиги



Тектеш кабарлар