Макрон менен Алиев Карабахтагы чыңалууну талкуулашты

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда Илхам Алиевге телефон чалган Эммануэль Макрон акыркы күндөрдө аймакта күчөгөн чыңалуудан тынчсыздануусун билдирди.

1864060
Макрон менен Алиев Карабахтагы чыңалууну талкуулашты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда Илхам Алиевге телефон чалган Эммануэль Макрон акыркы күндөрдө аймакта күчөгөн чыңалуудан тынчсыздануусун билдирди.

Макрон Армения менен Азербайжандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн улантылышынын жана 2020-жылдын 10-ноябрындагы (Карабах боюнча) үч тараптуу декларациянын жоболорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Франциянын эки өлкөнүн ортосундагы диалогдун улантылышын колдоого даяр экенин айтты.

Алиев болсо Армения тарабынан дагы бир аскердик провокация жасалганын, орус элементтери убактылуу жайгаштырылган Азербайжан аймактарындагы провокациянын натыйжасында бир азербайжан аскеринин каза болгонун кабарлады.

Азербайжан армиясынын провокацияга бөгөт койгонун билдирген Алиев, чыңалуунун бардык жоопкерчилигинин Арменияга тиешелүү экенин белгиледи.

Алиев Азербайжандын Карабах аймагындагы армян аскерлери менен мыйзамсыз армян аскердик бөлүктөрүнүн Азербайжандын жерлеринен чыгарылуусу керектигин айтты.

Мунун азырынча Армения тарабынан аткарылбай жатканын белгилеген Алиев, Ереван башкаруусунун 2020-жылдын 10-ноябрындагы үч тараптуу декларацияны бузганын жана убадаларын орундатпаганын билдирди.



Тектеш кабарлар