Маммадов: «Түркия-Азербайжан бир туугандыгы үлгү болуп саналат»
Маммадов кечээ борбор шаар Анкарадагы Стратегиялык ой жүгүртүү институтунда (SDE) «Түрк Мамлекеттери Уюму жана Азербайжан» аттуу сөз сүйлөдү.
Азербайжандын Анкарадагы элчиси Рашад Маммадов Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштардын нормалдуу мамлекеттер аралык карым-катнаштарга эмес, бир туугандык мамилелерге негизделгенин, Түркия-Азербайжан бир туугандыктын үлгүсү экенин айтты.
Маммадов кечээ борбор шаар Анкарадагы Стратегиялык ой жүгүртүү институтунда (SDE) «Түрк Мамлекеттери Уюму жана Азербайжан» аттуу сөз сүйлөдү.
Өлкөсүнүн Түркия менен болгон карым – катнаштарынын нормалдуу мамлекеттер аралык карым – катнаштардан жогору экенин билдирген Маммадов, Азербайжандын Түркия менен бирге ишке ашырган долбоорлоруна токтолуп, Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру жана Баку-Тбилиси-Карс темир жолу долбоорунан мисалдарды берди.
Азербайжандын бул долбоорлорду ишке ашыруусунда Түркиянын колдоосу абдан маанилүү экенин белгилеген Маммадов бул долбоорлордун ар кимдин муктаждыктарына жооп берерин айтты.
Маммадов: «Түркия эч бир мамлекетке коркунуч туудурбайт. Коркунучтарга Түркия тоскоол болууда. Азербайжан дагы ушундай. Түркия-Азербайжан бир туугандыктын үлгүсү болуп саналат»,-деп айтты.
Азербайжандын Түркияда бир гана энергетика тармагына 19,5 миллиард доллар инвестиция салганын белгилеген Маммадов: «Түркиянын Коргоо министрлигинин коргонуу өнөр жайынын пайдасын ким көрүп жатат? Биз көрүп жатабыз. Азербайжан армиясы түрк үлгүсүндө курулган»,-деди.
Түрк Мамлекеттери Уюмунун маанилүүлүгүнө токтолгон Маммадов, бул уюмдун башка бардык уюмдардан айырмаланып «табигый» экенин жана бул мамлекеттердин жарандарынын бул уюмду каалашарын белгиледи.
Маммадов, Казакстандагы окуяларга байланыштуу: «Социалдык көйгөйлөр, ички факторлор да чоң болду. Бул окуяларды колдонгондор да көп болду»,-деди.
Маммадов, Казакстан жана казак элинин бул окуялардан кийин бир аз күчтөнө турганын айтты.