Мевлүт Чавушоглу Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Наров менен жолугушту

Чавушоглу жабык эшик артында өткөн жолугушуунун алдында сүйлөгөн сөзүндө Түркия – Азербайжан - Өзбекстан үч тараптуу тышкы иштер, соода жана транспорт министрлеринин жолугушуусунун боордош өлкөлөрдүн соода, логистика, транспорт жана жүк ташуу тармактарынд

1862503
Мевлүт Чавушоглу Өзбекстандын тышкы  иштер министринин орун басары Наров менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия – Өзбекстан - Азербайжан тышкы иштер, соода жана транспорт министрлеринин үч тараптуу жолугушуусуна катышуу үчүн барган Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары Владимир Наров менен жолугушту.

Чавушоглу жабык эшик артында өткөн жолугушуунун алдында сүйлөгөн сөзүндө Түркия – Азербайжан - Өзбекстан үч тараптуу тышкы иштер, соода жана транспорт министрлеринин жолугушуусунун боордош өлкөлөрдүн соода, логистика, транспорт жана жүк ташуу тармактарында кызматташуусунун өнүгүшү үчүн өзгөчө маанилүү боло тургандын жана  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин өлкөсү үчүн ортого салган көз караш менен да  дал келерин айтты.

Эки тараптуу карым  - катнаштардын акыркы жолу Өзбекстанда өткөрүлгөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык өнөктөштүк кеңеш жыйыны менен кенен масштабдуу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгарылгандыгын баса белгилеген Чавушоглу ушунун алкагында эки тараптуу соода көлөмүнүн барган сайын өскөндүгүн муну 10 миллиард долларга чыгарышарын айтты.

Наров да Өзбекстан жана Түркиянын стратегиялык өнөктөштөр экендигин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода, экономикалык, маданий жана гуманитардык карым  - катнаштардын акыркы жылдарда ылдам өнүккөндүгүн белгиледи.

Наров мамилелердин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетиши эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да ылдамдатылышына жана өнүктүрүүгө өбөлгө болгонун айтты.

Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун 27 -  апрелде Улуттук Коопсуздук Кеңешинин секретарынын орун басары катары дайындалышы менен тышкы иштер министринин орун басары Владимир Наров президент тарабынан Тышкы иштер министринин орун басары болуп милдеттендирилген.



Тектеш кабарлар