Министр Ф.Кожа Кыргызстанда диагностикалык борбор ачууну сунуштады

Түркиялык министр Кыргызстанда диагностикалык борбор ачууну сунуштады

1265110
Министр Ф.Кожа Кыргызстанда диагностикалык борбор ачууну сунуштады
элчи саламаттык сактоо.jpg
элчи саламаттык сактоо2.jpg

Кыргызстан Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушту. Бул тууралуу  КРнын Анкарадагы Элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын динамикалык өнүгүүсүн талкуулашты. Тактап айтканда, Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышын тездетүү жана жылына акысыз дарылоо боюнча квотанын санын 100 кишиден 150 кишиге чейин көбөйтүү боюнча макулдашууну ишке ашыруунун зарылдыгын белгилешти.

Элчи Түркиядагы кыргыз жарандар үчүн бөлүнгөн квотанын негизинде кохлеардык имплант операциясын күткөн кыргыз жарандарына операция жасоону тездетүү, Кыргызстандын дарыгерлери жана медицина тармагында иштеген адистери үчүн Түркияда тажрыйба топтоо, ошондой эле Түркиянын дарыгерлеринин катышуусу менен «Кыргызстанда ден соолук жумасы» долбоорун улантуу өтүнүчүн билдирди.



Тектеш кабарлар