Мустафа Шентоп президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынды

Жапаров кыргыз жана түрк элдеринин маданиятында жана каада-салттарында жалпы баалуулуктар бар экенин баса белгилеп: «Биз эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга ар дайым даярбыз»,- деди.

1847913
Мустафа Шентоп президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынды

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) 11- пленардык отурумуна катышуу үчүн барган Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынды.

Кыргызстандын Президенттик аппаратынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Жапаров Шентоп менен жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты.

Жапаров кыргыз жана түрк элдеринин маданиятында жана каада-салттарында жалпы баалуулуктар бар экенин баса белгилеп: «Биз эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга ар дайым даярбыз»,- деди.

Быйыл 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бурсанын Изник ​​шаарында өтөөрүн айткан Жапаров, оюндарга катыша турган кыргыз тараптын да оюндарды уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Шентоп болсо Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын өлкөлөрдүн ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошууга даяр экенин айтты.

Ошондой эле Түркия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын өзгөчө соода-экономика тармагында ылдам өнүгүп жатканын маалымдады.



Тектеш кабарлар