Назарбаевдин элге кайрылуусу

Назарбаев, элге кайрылуусунда өзү үчүн Казакстандын Президенти кызматын таштоо сыяктуу татаал чечимди чыгарганын айтып, кызматын 30 жыл улантканын эске салды.

1167132
Назарбаевдин элге кайрылуусу

Казакстанда кызматын таштаганын жарыялаган президенти Нурсултан Назарбаев, элине жана өлкөсүнө кызмат кылганы үчүн сыймыктанганын билдирип, «Элиме ырахмат айтамын жана анын алдында таазим кылып ийилемин»,-деди.

Назарбаев, элге кайрылуусунда өзү үчүн Казакстандын Президенти кызматын таштоо сыяктуу татаал чечимди чыгарганын айтып, кызматын 30 жыл улантканын эске салды.

Советтер Союзунун таркашы менен бирге (1991) экономикасы жана саясаты кыйын абалда турган өлкөнүн президенти болгонун эске салган Назарбаев, тоталитардык системаны кулатып, коомчулуктун бардык институттарын заманбапташтыргандарын, «буларды экономикалык өлкө куруш үчүн» кулаткандарын айтты.

Назарбаев, экономикалык өнүгүүнү жана элинин жашоо эркиндигинин жогорулатылышын максат кылганын айтып: «Натыйжада өлкөнүн экономикасын 15 эсеге, киши башына түшкөн улуттук кирешени 9 эсе арттырууга жана жакырчылык чегин 10 эсе азайтууга жетиштик»,-деди.

Өлкөнүн дүйнөнүн эң өнүккөн 50 өлкөсүнүн арасына киргенине көңүл бурган Назарбаев, максаттарынын дүйнөнүн эң өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кирүү экенин айтты.

Назарбаев, өлкө тарыхында алгач ирет борбор шаар Астананы кургандарын, борбор калаа өлкөнүн ийгиликтеринин жана жеңиштеринин символу экенин түшүндүрдү.

Бардык президенттик шайлоолордо эл тарабынан колдоо көргөнүн айткан Назарбаев: «Улуу калкыма жана өлкөмө кызмат кылгандыгым үчүн сыймыктанам. Элиме ырахмат айтамын жана анын алдында таазим кылып ийилемин»,-деди.

Назарбаев, кызматын таштаганына карабастан Улуттук коопсуздук кеңеши, Нур Отан партиясынын төрагалыгы жана Конституциялык кеңешке мүчөлүгү улана турганына көңүл буруп, мындай деди: «Сиздер менен каламын. Өлкөмдүн жана элимдин кооптонуулары менин кооптонууларым болуп эсептелет. Көз карандысыз Казакстандын куруучусу катары келечекке карай максатымды, бийликте, өлкөдө жасалган өзгөрүүлөрдү улантып, жаңы муундагы башкаруучунун келишин камсыздоо катары көрүүдөмүн».


Этикеткалар: #Назарбаев , #Казакстан

Тектеш кабарлар