Октай ТКТРда маанилүү жыйналышка катышат

Октай, ТКТРда 1974-жылдан бери жабык турган Марашта өтө турган «Укуктук, саясий жана экономикалык жактары менен Жабык Мараштын ачылуусу» аттуу жыйналышка катышат.

1359755
Октай ТКТРда маанилүү жыйналышка катышат

Вице-президент Фуат Октай, эртең Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) барат.

Октай, ТКТРда 1974-жылдан бери жабык турган Марашта өтө турган «Укуктук, саясий жана экономикалык жактары менен Жабык Мараштын ачылуусу» аттуу жыйналышка катышат.

Жабык Марашта алгач ирет ушунчалык жогорку деңгээлде жана кеңири катышуу менен ишке аша турган жыйналышка Октай менен катар ТКТРнын премьер-министри Эрсин Татар, ТКТРнын вице-премьери жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай, Түркиянын адилет министри Абдүлхамит Гүл, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен эки өлкөдөн тең жооптуу кызматкерлер жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Академиктер, жарандык коомдук уюмдун башкаруучулары жана тийиштүү адистер баяндама жасай турган жыйналышта Жабык Мараштын так түрдө ачылуусуна карай «саясий» жана «укуктук» жол картасы белгиленүүсү үчүн кеңешүүлөрдү өткөрөт.

Мараш, 1974-жылы «Кипр тынчтык кыймылы» убагында Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан каратылып отурукташууга тыюу салынган болчу. Кийинчерээк отурукташууга кайрадан ачылуусу үчүн бир канча жолу демилгелер көтөрүлдү, бирок натыйжа чыккан эмес.

ТКТРда 18-июндагы Министрлер Кеңешинин жыйналышында Мараштын ачылуусу темасында кадам ташталып, адис топтор менен илимий инвентар иштерин жүргүзүү чечими чыккан.

Аймакта алгачкы инвентар иштери июль айында болгон.

ТКТРынын өкмөтү 45 жылдан бери жабык турган Мараштын инвентар иштеринен кийин ачылуусун пландаган.



Тектеш кабарлар