Ооганстанга жети өлкө колдоо көрсөттү

Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышында жети өлкө Ооганстанга колдоо көрсөттү.

1124775
Ооганстанга жети өлкө колдоо көрсөттү

Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышында жети өлкө Ооганстанга колдоо көрсөттү.

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Өзбекстан, Индия, Тажикстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Ооганстандын Тышкы иштер министрлери катышкан Индия-Орто Азия-Ооганстан диалогу жыйналышынан кийин аймактык коопсуздук, транспорт, жүк ташуу, энергетика жана инвестиция жаатындагы кызматташтык маселелери менен Ооганстанга колдоо көрсөтүү темаларын камтыган орток билдирүү жарыяланды.

Билдирүүдө маданий, соода-сатык жана башка тармактарда байланыштары болгон Индия жана Орто Азия өлкөлөрүнүн бул достук карым-катнаштарын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өнүктүрүүгө карай каалоолорун билдирди. Тараптар, коопсуздук, ырааттуулук жана туруктуу өнүгүүнү камсыздаш үчүн актуалдуу маселелерге биргелешип чечүүчү жол табыш үчүн эки тараптуу кызматташтыкка даяр болгондорун тастыктады.

Тараптар терроризмдин ар түрдүү формасын жана кыймылдарын айыптап, дүйнөлүк калктар жана экономикаларына коркунуч туудурган террор менен күрөшүүдө кызматташтык кыла тургандарына басым жасашты.  Билдирүүдө, Орто Азия өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүү маселелерине чечүүчү жол сунуштаган биргелешкен долбоорлорду теңдик, эки тараптуу урмат-сый жана кызыкчылыктарга таянып өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.

Орто Азия өлкөлөрүнүн транзит, транспорт жана жүк ташуу потенциялын арттыруу, аймактагы транспорт жана логистика системасын өнүктүрүү, аймактык жана эл аралык транспорт коридорлорун түзүү үчүн биргелешкен демилгелерди көтөрүү тууралуу кызматташтыкты дагы да тереңдетүүнү каалагандары белгиленген билдирүүдө, өзгөчө Индиянын эл аралык транспорт жана транзит коридорунун түзүлүүсү боюнча Ашкабат келишимине кошулуусуна канагаттангандары белгиленди.

Жыйналышка катышкан министрлердин Ооганстандын кайрадан өнүгүүсүн жана өлкөдө тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулуктун камсыздалышын колдоого ала турганы баса белгиленди.

Кийинки жыйналыштын алдыдагы жылда Индияда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар