Өзбекстан дагы бир Эркин экономикалык аймак түзүүдө

Президент Шафкат Мирзеев тиешелүү жарлыкка кол койду.

1271625
Өзбекстан дагы бир Эркин экономикалык аймак түзүүдө

Өзбекстанда салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулган дагы бир Эркин экономикалык аймак курулууда.

Өзбекстандын Адилет министрлигинин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, президент Шафкат Мирзеев Кашкадарья шаарында Чыракчы эркин экономикалык аймагын түзүү жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизинде аймакта кошумча наркы жогору, заманбап технологиялар жана экспортко багытталган өндүрүш менен иш алып бара турган жергиликтүү жана чет элдик капиталдуу ишканалардын курулуусуна өбөлгө түзүлөт.

Чыракчы эркин экономикалык аймакта курула турган ишканалар, 10 жылга чейин салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Эркин экономикалык аймактын иш-аракети биринчи этапта 30 жыл деп белгиленсе, бул мөөнөт кийин узартылса болот.

3 миллион долларга чейин инвестиция сала турган ишканалар 3 жыл, 5 миллион долларга чейин инвестиция сала турган ишканалар 5 жыл жана 10 миллион доллардан ашуун инвестиция сала турган ишканалар болсо 10 жылдык мөөнөт менен баардык салык жана бажы төлөмдөрүнөн бошотулат.

Эркин экономикалык аймактагы ишканалар, импорттоло турчу иштетилбеген зат, метериал жана кошумча шаймандар үчүн да бажы салыгын төлөшпөйт.

 



Тектеш кабарлар