Өзбекстан, Марокко жана Нигерияда абактагы кишилерге мунапыс берилди
Өзбекстанда Орозо айт майрамына карата президент Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлык менен 426 туткунга мунапыс берилди.
Өзбекстанда Орозо айт майрамына карата президент Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлык менен 426 туткунга мунапыс берилди.
Өзбекстандын президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, 426 туткун пайдалана турган мунапыстын алкагында 335 киши абактан бошотулуп, 91 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.
Өзбекстанда президент улуттук жана диний майрамдарга карата “кылган кылмышына бушайман болгон жана оңолуу жолуна түшкөн” кылмышкерлер үчүн мунапыс жарыялады.
Марокконун Адилет министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта экстремизм жана террордук иштер менен соттолгон 18 кишинин да мунапыстан пайдаланганы баса белгиленди.
Мароккодо Король 6 - Мухаммед конституциянын 58-беренесине ылайык улуттук же диний күндөрдө түрдүү кылмыштар үчүн соттолгондорго мунапыс бере алат.
Нигериянын Катсина штатында Орозо айт майрамына карата 222 туткун мунапыс менен бошотулду.
Катсина губернаторлугунун катчысы Ибрахим Каула - Мухаммед губернатор Дикко Радданын штаттагы ар кайсы түрмөлөрдө жаткан 222 туткундун айып пулдарын төлөп бошотулушуна мүмүкнчүлүк бергенин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Алиев: «Кээ бир мамлекеттердин башка элдерге колония катары мамиле кылышына жол бере албайбыз»,-
Алиев борбор калаа Бакуда өткөрүлгөн «6-Маданияттар аралык диалог форумунун» ачылышында сөз сүйлөдү.
Вице-президент Йылмаз Өзбекстанда
Вице-президент Йылмаз жолугушууга байланыштуу билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду.