Өзбекстанда Абдулла Арипов кайрадан премьер-министр болду

21-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өлкөнүн премьер-министри кызматына Абдулла Ариповдун талапкерлигин бекитүү үчүн аны парламентке тааныштырды.

1344981
Өзбекстанда Абдулла Арипов кайрадан премьер-министр болду

Өзбекстанда өткөн айда болгон шайлоолордон кийин жаңы өкмөттүн түзүлүүсү үчүн кечээ кызматынан кеткен Абдулла Арипов кайрадан премьер-министрликке шайланды.

21-январда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев өлкөнүн премьер-министри кызматына Абдулла Ариповдун талапкерлигин бекитүү үчүн аны парламентке тааныштырды. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Ташкент шаарында 2019-жылдын 22-декабрында өткөн парламенттик шайлоо менен белгиленген 150 мүчөлүү Мыйзам чыгаруу палатасы менен 100 мүчөлүү Олий Мажлис cенатынын биргелешкен жыйыны өттү. Анда Парламент жаңы премьер-министрдин талапкерлигин бекитти.

Абдулла Арипов министрлер кабинетинин иш-аракеттер программасын көрсөтөт. Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү отставкага кеткени маалым болгон.

Өзбекстанда 2019-жылдын 22-декабрында өткөн парламенттик шайлоолордо 150 орундуктуу Мыйзам чыгаруу палатасына Либерал-демократиялык партия 53, Улуттук өнүгүү партиясы 36, «Адилет» социал-демократиялык партиясы 24, Элдик демократия партиясы 22 жана Өзбекстан Экология партиясы 15 эл өкүлүн киргизе алган.

Мурда өкмөттө ар түрдүү кызматтарды аркалаган Арипов, 2016-жылдан бери премьер-министрлик кызматын аткарып келген.



Тектеш кабарлар