Өзбекстанда эл аралык текстиль конференциясы башталды

Өзбекстандын вице  - премьери Эляр Ганиев бул жылы текстиль продукцияларынын экспортун эки миллиард долларга чыгарууну максат кылышкандарын айтты.

1266756
Өзбекстанда эл аралык текстиль конференциясы башталды

Өзбекстандын вице  - премьери Эляр Ганиев бул жылы текстиль продукцияларынын экспортун эки миллиард долларга чыгарууну максат кылышкандарын айтты.

Ташкентте башталган  Global текстиль күндөрү иш чарасынын негизинде  уюштурулган Экинчи эл аралык текстиль конференциясына дүйнөнүн жыйырмага жакын өлкөсүнөн жүздөн ашуун жетекчи жана адис катышты.

Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн Өзбекстандын вице  - премьери Эляр Ганиев мындан мурда пахта экспорттогон Өзбекстандын эми текстиль секторун өнүктүрүү менен чоң инвестиция салып, текстиль секторунда маанилүү үлүштү алууга аракет кылышкандарын айтты. Өлкөдө инвестиция жана иш чөйрөсүнүн жакшыртылышына чоң маани беришкендерин белгилеген Ганиев мунун акырында текстиль секторунун өлкөдөгү эң көп инвестиция жана экспорт кылган сектор болууда ийгиликке жетишкендигин белгиледи.

Акыркы 3 жылда сектордун өнүктүрүлүшүнө карата аткарылган иштердин акырында иштетилген пахта көлөмүн 2016 -  жылдагы 400 миң тонна деңгээлинен өткөн жылы 800 миң тоннага чыгарышкандарын баса белгилеген Ганиев : «Бул жылы текстиль продукцияларынын экспортун эки миллиард долларга, секторго салынган инвестиция көлөмүн беш жүз миллион долларга чыгарууну максат кылуудабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар