Өзбекстанда Мыйзам чыгаруу парламентинин төрагалыгына Нуридинжан Исмаилов кайрадан шайланды

22  -  декабрда жалпы шайлоо болгон Өзбекстанда 150 мүчөдөн турган парламенттин астыңкы канаты Мыйзам чыгаруу парламентинин биринчи жыйыны өткөрүлдү.

1343888
Өзбекстанда Мыйзам чыгаруу парламентинин төрагалыгына Нуридинжан Исмаилов кайрадан шайланды

Өзбекстан парламентинин астыңкы канаты болгон Мыйзам чыгаруу парламентинин төрагалыгына Нуриддинжан Исмаилов кайрадан шайланды.

22  -  декабрда жалпы шайлоо болгон Өзбекстанда 150 мүчөдөн турган парламенттин астыңкы канаты Мыйзам чыгаруу парламентинин биринчи жыйыны өткөрүлдү.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Мирза  - Улугбек Абдуселамовдун жетекчилигинде чогулган жалпы кеңешке президент Шавкат Мирзиеев да катышты.

Жыйында саясий партия лидерлеринин биргелеше чыгарган чечими менен Элдик демократия партиясынан Нуриддинжан Исмаилов кайрадан Мыйзам чыгаруу парламентинин төрагалыгына шайланды. Жыйында Мыйзам чыгаруу парламентинин төрага орун басарлары да шайланды.

Президент Мирзиеев жыйында сөз сүйлөп Өзбекстандын көз карандысыздык жылдарында кыйын мезгилден өткөндүгүн эске салып, болгон шайлоодон кийин жаңы Өзбекстандын жаңы парламентинин курулгандыгын  белгиледи.

Депутаттардын негизги милдетинин элдин талап жана каалоосунун негизинде иштеп жана элди ыраазы кылуу экендигин баса белгилеген Мирзиеев жаңы парламентке ийгилик каалады.

Өткөн айда Өзбекстанда болгон шайлоодо 150 орундуктуу Мыйзам чыгаруу парламентинде Либерал демократ партиясы 53, Улуттук бийиктөө партиясынан 36, «Адилет» социалдык демократ партиясынан 24, Элдик демократия партиясынан 22 жана Өзбекстан экология партиясынан болсо 15 депутаты орун алды.

2014 – жылы болгон парламенттик шайлоодон кийин Исмаилов Мыйзам чыгаруу парламентинин төрагалыгына шайланган.



Тектеш кабарлар