Өзбекстанда жаңы партия курулду

Жарандык коом мекемеси Экология Кыймылы саясий партия болуу чечимин чыгарып Өзбекстан экология партиясына айланды.

1122766
Өзбекстанда жаңы партия курулду

Орто Азиядагы эң чоң экологиялык апаат болгон Арал деңиз апааты болгон Өзбекстанда экологиялык маселелер менен күрөшүүнү максат кылган Экология партиясы курулду.

Өлкөдө иш алып барган Экология Кыймылы жарандык коом уюму деген ат менен күбөлүгүн алмаштырып саясий партия болуу чечимин чыгарды. Борбор шаар Ташкентте өткөрүлгөн Өзбекстан Экологиялык партиясынын курулуш курултайына 250 делегация катышты.

Кыймылдын лидери Барий Алиханов партиянын лидери болуп шайланды. Алиханов курултайда сүйлөгөн сөзүндө партиянын башта Арал деңиз апааты жана анын жыйынтыгында  чыккан чыгымдарды калыбына келтирүү жана экологияны коргоо маселелери менен жакындан иликтенерин белгиледи. Алиханов максаттарынын өлкөдө жана аймакта экологиялык маселелерди күн тартибине алып келүү жана бул маселелерди чечүү экендигин белгиледи.

Курултайда партиянын борбордук кеңеши жана текшерүү комиссиясы түзүлүп, жобо жана программа да кабыл алынды.

Бир жарандык коом катары 2008 -  жылы курулган Өзбекстан экологиялык кыймылынын өлкөдөгү мыйзам боюнча кандайдыр бир шайлоого катышпастан парламенттин астыңкы кеңеши болгон Мыйзам чыгаруу парламентинде 15 орундуктуу өкүлү бар.

 

 



Тектеш кабарлар