Өзбекстандын Түрк Кеңешине кошулуусуна Түркия канагаттангандыгын билдирди

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Өзбекстан Түрк Кеңешинин куруучу документи Нахчиван келишимине кошулуу үчүн керектүү ички ратификациялоо процессин бүткөрдү.

1269681
Өзбекстандын Түрк Кеңешине кошулуусуна Түркия канагаттангандыгын билдирди

Түркия, Өзбекстандын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши (Түрк Кеңешине) толук мүчө түрүндө кошула турганына канагаттангандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Өзбекстан Түрк Кеңешинин куруучу документи Нахчиван келишимине кошулуу үчүн керектүү ички ратификациялоо процессин бүткөрдү.

Кошулуу документинин Нахчиван келишиминин «аманатчысы» абалындагы Түркиянын Тышкы иштер министрлигине өткөрүлгөнү билдирилген жарыяда, «Тарабыбыздан дагы керектүү процедуралар жана билдирүүлөр бүгүн бүткөрүлгөн болуп, тийиштүү беренеге ылайык Нахечиван келишими, Өзбекстан үчүн 2019-жылдын 14-октябрында күчүнө кирет. Дос жана тууган өлкө Өзбекстандын Түрк Кеңешине толук мүчө катары кошулуусу менен Түрк дүйнөсүнүн ичиндеги колдошуусу дагы да чыңдалат. Элдерибиздин орток өнүгүүсү жана эсендиги үчүн жүргүзгөн кызматташтыгыбыз жана биргелешип иштөөбүз мындан ары да өнүгөт.Өзбекстандын Түрк Кеңешине толук мүчө түрүндө кошула турган болушуна канагаттануубузду дагы бир жолу билдиребиз»,делди.



Тектеш кабарлар