Өзбекстандын тышкы соода көлөмү көбөйдү

Маалыматка караганда январь-октябрь мезгилинде өлкөнүн экспорту 43,3 пайыздык өсүү менен 14,8 миллиард доллар, импорту 28,5 пайыздык өсүү менен 19,9 миллиард доллар болду.

1308565
Өзбекстандын тышкы соода көлөмү көбөйдү

Өзбекстандын тышкы соода көлөмү, январь-октябрь мезгилинде 34,7 миллиард долларга жетти.

Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитетинин жарыясына караганда дүйнөнүн 189 өлкөсү менен соода кылган Өзбекстандын тышкы соода көлөмү жылдын он айында 2018-жылдын тийиштүү мезгилине караганда 34,4 пайызга (8,8 миллиард доллар) артып 34,7 миллиард доллар деп белгиленди.

Маалыматка караганда январь-октябрь мезгилинде өлкөнүн экспорту 43,3 пайыздык өсүү менен 14,8 миллиард доллар, импорту 28,5 пайыздык өсүү менен 19,9 миллиард доллар болду.

Сөз болгон мезгилде өлкөнүн тышкы соода кемчилиги болсо 5,1 миллиард доллар деңгээлине жетти.

Өзбекстандын бул мезгилде эң көп тышкы соодасын кылган өлкөлөрдүн арасында Кытай 19,1 пайыздык үлүш менен алдыңкы орунда турса, бул өлкөдөн кийин 15,1 пайыз менен Орусия, 8,4 пайыз менен Казакстан, 6,5 пайыз менен Түштүк Корея жана 5,9 пайыз менен Түркия орун алды.

Жылдын он айында Өзбекстандын экспортунда энергетика жана мунай зат өндүрүмдөрү, текстиль жана азык-түлүк өндүрүмдөрү, алтын, түстүү жана кара металлдар менен тейлөө сектору, импортунда дагы машина, шайман жана алардын кошумча тетиктери, химиялык заттар, түстүү жана кара металлдар алдыңкы орунду алды.

Тышкы соода 2018-жылы мындан мурдагы жылга салыштырмалуу 27,3 пайызга артып 33 миллиард 815,3 миллион доллар болгон Өзбекстанда, ушул алкакта 14 миллиард 257,9 миллион доллардык экспорт, 19 миллиард 557,4 миллион доллардык импорт жасаган.



Тектеш кабарлар