Президент Эрдоган Кыргызстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

1261394

«Дос жана боордош өлкө болгон Кыргыз Республикасы көз карандысыздыгын алган күндөн азыркы күнгө чейин өткөн мезгил ичинде стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткен мамилелерибизди, биргелешкен аракеттерибиз менен ар тармакта дагы да өнүктүрөөрүбүзгө чын жүрөгүмдөн ишенем. Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин кезектеги жыйынында Сизди жана делегацияңызды өлкөмдө мейман катары тосуп алуу мага кубаныч тартуулай тургандагын белгилеп кетким келет. Учурдан пайдаланып, Жогорку Мартабаңызга ден соолук жана бакыт, дос жана боордош кыргыз элине бакубаттуулук каалайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Тектеш кабарлар