Президент Р. Т. Эрдоган мейманканасында аскерлерди кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен бүгүн болгондой эле эртең да Азербайжандын жанында болорун айтты.

1659305
Президент Р. Т. Эрдоган мейманканасында  аскерлерди кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын бардык мүмкүнчүлүктөрү менен бүгүн болгондой эле эртең да Азербайжандын жанында болорун айтты.

Эрдоган Азербайжан Улуттук Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө : «Кавказдардагы тынчтыктан бир гана Азербайжан эле эмес Армения менен бирге аймактагы бардык өлкөлөр, дүйнө кирешелүү чыгат. Туруктуу тынчтыкка кеткен жолдун аймактагы бардык элдердин, мамлекеттердин бири бирине карата ишенимдин негизинде өнүктүрө турган кызматташуусунан өткөндүгүнө ишенебиз»,- деди.

Президент Эрдоган : «Бүгүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен Азербайжандын жанындабыз. Бүткүл дүйнө билсин эртең да жанында болобуз»,- деди.

«Түрк улутуна жалаа жапкандар оболу Кавказдарга, Азербайжанга карашы керек. Андан кийин абийрлери жол бере турган болсо алар менен өзүнчө сүйлөшөбүз. Цивилизация менен вандализмдин ортосундагы айырмачылыкты көрүүнү каалагандар келсин, Карабахта эки мезгилдин ортосундагы айырмачылыкты көрсүн»,- деди Эрдоган.

Президент Эрдоган бул жылы Азербайжандын маданияй борбор шаары болгон Шушаны келерки жылы да «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары» катары көрүүдөн кубанычта болушарын айтты.

«Карабах жеңишинен эч ким тынчсызданбасын. Бул жеңиш кулатуунун эмес, куруунун, зулумчулуктун эмес адилеттиктин жеңиши»,- деген Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты : «Карабах дүйнөнү өзүнүн саясий жана экономикалык  дымагынын аренасы катары көргөндөрдүн эсептери бузулган жер. Кавказиянын мойнуна дагы бир жолу туткундуктун чынжырын такпашы  үчүн алдыбызга келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү бирдикте, мыкты пайдалануубуз керек».

Эрдоган : «Нахчиван менен Бакуну бири бирине байланыштыра турган Зенгезур коридору аймагыбызга алып келе турган жеңилдик жана байлыкты сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Зенгезур  коридорундагы темир жол менен армяндар да  Москвага жана дүйнөгө оңой жете алат. Ушундайча өздөрүнө өздөрү кылган блокададан кутулушат»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдоган : «Армения Азербайжан менен болгон маселелерин чечсе Түркия катары биз да керек болгон кадамдарды таштайбыз»,- деди.

Президент Эрдоган Азербайжан Улуттук Парламентинде сөз сүйлөгөндөн кийин борбор шаар Бакудагы түрк жана Азербайжан шейиттигине барып шейит мазарларына гвоздика таштап, дуа кылды. 

Президент Эрдоган андан кийин мейманканасында Азербайжан аскердик кызмат тобундагы аскерлерди  кабыл алды.

 



Тектеш кабарлар