Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтары делегациясынын башчыларын кабыл алды

ТҮРКОН Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия атайын кызматтары тарабынан 1998 -  жылы 20 -  майда Стамбулда түзүлгөн.

1859551
Садыр Жапаров  Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтары  делегациясынын башчыларын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров   Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24 -конференциясынын ТҮРКОН делегация башчыларын кабыл алды.

Конференцияга Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Хакан Фидан да катышты.

Президенттиктин Басма сөз борборунан берилген маалыматта Жапаровдун өлкөнүн Чолпон  -  Ата шаарында өткөрүлгөн конференциянын делегация башчыларын кабыл алган жолугушууда жаңы мезгилдин маселелерин чечүү, кыйынчылыктарды жана коркунучтарды жеңүү үчүн жаңы ыкмалардын керектигин айтып : «Бул коркунучтарга жана кыйынчылыктарга каршы күрөштө маанилүү натыйжаларга жетүү ырааттуу жана системалуу иш, биргелешкен жана координацияланган күч - аракеттер менен гана мүмкүн экендиги анык. Ушунун негизинде бул платформанын мазмундуу жана конструктивдүү талкуулары түрк дүйнөсүнүн коопсуздугу үчүн  маанилүү салым кошот деп ишенем»,- деди.

Жыйынга катышкан өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын тыгыз иштешүүсү коопсуздукту бекемдеп, эл аралык терроризмге, радикализмге жана башка глобалдык көйгөйлөргө каршы эффективдүү күрөшүүгө жардам берерине ишенгенин белгилеген Жапаров кыргыз тараптын бул  баалуулуктардын негизинде түрк боордош элдер менен иштөөнү каалагандыгын айтты.

ТҮРКОН Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия атайын кызматтары тарабынан 1998 -  жылы 20 -  майда Стамбулда түзүлгөн.

Өзбекстан ТҮРКОНго 2018 -  жылы кошулду.

 

 

 



Тектеш кабарлар