Шентоп: «Армениянын кара мүртөз пландарын ишке ашыруусуна эч качан жол бербейбиз»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламентинин) төрагасы Мустафа Шентоп, майрамдык куттуктоо үчүн  Азербайжан Парламентинин спикери Сахиб Гафарова менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1466673
Шентоп: «Армениянын кара мүртөз пландарын ишке ашыруусуна эч качан жол бербейбиз»

Түркия, Армениянын Азербайжан жана Түркияга каршы кара мүртөз пландарын ишке ашыруусуна эч качан жол бербей тургандыгын жарыялады.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламентинин) төрагасы Мустафа Шентоп, майрамдык куттуктоо үчүн телефон чалган  Азербайжан Парламентинин спикери Сахиб Гафаровага акыркы мезгилде Армениядан болуп жаткан кол салууларга каршы Түркиянын Азербайжанды колдой тургандыгын билдирди.

Шентоп өз ара майрамдык куттуктоолорунан кийин, Армениянын мыйзамды тебелеген акыркы кол салууларына каршы президент Режеп Таййип Эрдоган баш болуп өзү дагы билдирүүлөрдү жасаганын  белгилеп, Түркия-Азербайжан бир туугандыгын дүйнө жүзүнө эң күчтүү түрдө чагылдырганын айтты.

Шентоп, аба жана кургактык бөлүктөрүнүн катышуусу менен уланып жаткан биргелешкен аскердик машыгуунун, Түркиянын Азербайжандын жанында болгонунун абдан так далили экендигин баса белгиледи.

Армения жарыялаган  Улуттук коопсуздук стратегиясынын документине  да көңүл буруп,  Азербайжанга дагы, Түркияга дагы душмандык мамилесин бул документ көрсөткөнүн, негизсиз дооматтарын кайталаганын билдирген Шентоп: «Армениянын Азербайжан жана Түркияга каршы кара мүртөз пландарын ишке ашыруусуна эч качан жол бербейбиз»,-деди.

Гафарова да Армениянын Карабахта гана максаты болбостон, ар тараптуу пландары бар экендигин белгилеп,

«Түркия-Азербайжан бир туугандыгы бир гана Арменияга каршы эмес, бүткүл дүйнөгө каршы бир туугандык»,-деп баа берди.

Түрк дүйнөсүнүн башында Түркия турганын айткан Гафарова, бул биримдик жана бир туугандыктын баарынан жогору экендигин айтты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн президенттеринин ниети бир экендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар