Шушада эл аралык медиа форуму өттү

Азербайжандын Карабах аймагынын символ шаары Шушада Азербайжан басма сөз мекемесинин  147 жылдыгынан улам Эл аралык Медиа Форуму өткөрүлдү.

1858401
Шушада эл аралык медиа форуму  өттү

Азербайжандын Карабах аймагынын символ шаары Шушада Азербайжан басма сөз мекемесинин  147 жылдыгынан улам Эл аралык Медиа Форуму өткөрүлдү.

Медиа өнүктүрүү агенттиги тарабынан уюштурулган «Глобалдык тенденциялар жана медиадагы жаңы чакырыктар» аттуу форумга Азербайжандын президентинин кеңешчиси Хикмет Гаджиев, медиа жетекчилери, чет элдик маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Иш-чарада Гаджиев президент Илхам Алиевдин басма сөз өкүлдөрүнө кайрылуусун окуду.

Президент Алиев билдирүүсүндө басма сөз кызматкерлерин Азербайжан басма сөзүнүн 147 жылдыгынан улам куттуктады. Алиев Азербайжан басма сөзүнүн 147 жылда чоң ийгиликтерге жетишкендигине көңүлдөрдү буруп, глобалдык информация тармагында көз карандысыз саясат жүргүзүү менен өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетирүү аракеттери бар экенин белгиледи.

Азербайжан басма сөзүнүн 2 -  Карабах согушунда (2020 – жыл сентябрь  -  ноябрь)  информация тармагындагы күрөшү менен чоң роль ойногондугун айткан Алиев билдирүүсүндө буларды айтты : «Басма сөз булактарыбыз оккупация учурунда тарыхый жерлерибиздеги армяндардын кылган ырайымсыздыгын жана вандализмин эл аралык коомчулукка жеткирүү үчүн талыкпай иштеп жатышат. Азербайжандык журналисттер ар дайым принциптүү мамиле жасап, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, жарандарыбыздын толук жана так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздап, жалган жана негизсиз үгүт иштери жүрүп жаткан учурда коомубуздун өнүгүшү үчүн болгон күчүн жумшоого тийиш».



Тектеш кабарлар